Исландияда биринчи жолу чиркейлер табылды

Дүйнө Загрузка... 22 Октябрь 2025 13:00
WhatsApp Image 2025-10-22 at 11.56.27.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.10.25 /Кабар/. Муз өлкө деп аталган Исландияда биринчи жолу суукка чыдамдуу үч чиркей табылган. Бул тууралуу Казфинорм агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Исландия Антарктидадан башка чиркейлер жок жалгыз жер болгон.

Бирок, өлкө тездик менен жылып жатат. Мөңгүлөр ыдырап, өлкөнүн сууларында түштүктүн жылуу аймактарынан келген скумбрия сыяктуу балыктар чыга баштады.

Планета жылыган сайын дүйнө жүзү боюнча чиркейлердин түрлөрү көбөйүүдө.

Египеттин чиркейинин жумурткалары быйыл Улуу Британияда, ал эми Азия жолборс чиркейи Кентте табылган. Бул инвазиялык түрлөр чикунгунья жана Зика вирусу сыяктуу тропикалык ооруларды таратышат.