Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Токионун борбордук бөлүгүндө жамгыр 34 күн катары менен жаап, метеобайкоолордун тарыхындагы эң узак жаан-чачындуу мезгил катталды. Бул тууралуу Kyodo агенттиги жазды.
Япониянын метеорология агенттигинин маалыматына караганда, жаан 27-августтан бери токтой элек. Жакындап келе жаткан тайфундар, созулган күзгү жаан фронту жана төмөн басым аба ырайына таасир этүүдө.
Буга чейинки рекорд 2019-жылы катталып, анда Токиодо 33 күн катары менен жамгыр жааган.
Шейшемби күнү Япониянын чыгыш жана батыш аймактарында да нөшөрлүү жаан жаады. Болжомолдорго ылайык, өлкөнүн чыгышында күзгү жаан фронтунун таасиринен улам жамгыр бейшембиге чейин уланат.
Буга чейин Япониядагы тайфундан улам 12 адам каза болуп, дагы үч адам дайынсыз болуп жатканы кабарланган.