Ирландиядагы президенттик шайлоодо Кэтрин Коннолли жеңишке жетти

Дүйнө 27 октябрь 2025 09:30
Ирландиядагы президенттик шайлоодо Кэтрин Коннолли жеңишке жетти
copyright icon WWW

Бишкек, 27.10.25 /Кабар/. Ирландияда өткөн президенттик шайлоодо көз карандысыз талапкер Кэтрин Коннолли жеңишке жетти. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Ирландиянын учурдагы президенти Майкл Хиггинс 2011-жылдан бери мамлекет башында.

Анын экинчи жети жылдык мөөнөтү быйыл 11-ноябрда аяктайт. Ирландия парламенттик республика болгондуктан, президент негизинен өкүлчүлүк функцияларды аткарат, бирок мамлекет башчысы жана башкы башкаруучу бойдон калат.

Кэтрин Коннолли — Ирландия тарыхында өлкөнү башкарган үчүнчү аял президент. Ал үй-бүлөлүү, эки бойго жеткен уулу бар.