Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Иран Кыргызстандын аймагында мунайды кайра иштетүүчү завод курууга катышууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун кечээ ШКУ саммитинин алкагында өткөн жолугушуусунун жыйынтыгында белгилүү болду. Бул тууралуу ТАСНИМ агенттиги жазып чыкты.
"Иран жаңы завод үчүн чийки мунай жеткирүүнү пландап жатат. Ал эми өндүрүлгөн мунай продуктулары эки өлкөнүн ортосунда бөлүштүрүлөт. Бул экономикалык байланыштарды чыңдоодогу маанилүү кадам болушу мүмкүн",-деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Масуд Пезешкиан Ирандын Бендер-Аббас портунда Кыргызстан үчүн логистикалык борбор түзүүнү сунуштады.
Садыр Жапаров өз кезегинде Ирандын мунай чалгындоо компанияларын Кыргызстанда кызматташууга чакырды. Бул эки өлкөнүн өз ара пайдалуу өнөктөштүгү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.