Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Бендер-Аббас портунда Кыргызстан үчүн логистикалык борбор түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Ирандын лидери менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун ШКУ саммитинин алкагында өткөн жолугушуусунда белгилүү болгонун Ирандын ТАСНИМ агенттиги жазды.
Өз кезегинде Садыр Жапаров Ирандын мунай чалгындоо компанияларын Кыргызстанда кызматташууга чакырды. Бул эки өлкөнүн өз ара пайдалуу өнөктөштүгү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Белгилей кетсек, Иран буга чейин Кыргызстандын аймагында мунайды кайра иштетүүчү завод курууга катышууга даяр экенин билдирип, жаңы завод үчүн чийки мунай жеткирүүнү пландап жатканын маалымдаган.