Инновациялык туристтик лицейди түзүүдө Австриянын тажрыйбасы колдонулат

Билим 3499 09 Апрель 2026 16:08
669563277_1400238248816582_3060117210656389965_n.jpg
666617385_1400238252149915_5005209105635840764_n (1).jpg
667597244_1400238355483238_2865315193766231203_n.jpg
666381470_1400238325483241_6094374594851757469_n.jpg
666617385_1400238252149915_5005209105635840764_n.jpg
Алдыга
Артка
669563277_1400238248816582_3060117210656389965_n.jpg
666617385_1400238252149915_5005209105635840764_n (1).jpg
667597244_1400238355483238_2865315193766231203_n.jpg
666381470_1400238325483241_6094374594851757469_n.jpg
666617385_1400238252149915_5005209105635840764_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Австриянын Вена шаарында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын иш сапарынын алкагында Австрия өкмөтүнүн өкүлдөрү, билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле бизнес-уюмдардын өкүлдөрү менен кесиптик билим берүүнү натыйжалуу башкаруу жана ишке ашыруу маселелери боюнча жолугушуулар өттү.

Министрликтин маалыматына ылайык, анда Австриянын ийгиликтүү тажрыйбасына таянып, Кыргызстанда туристтик тармак үчүн кадрларды даярдоочу борбор катары Республикалык инновациялык туристтик лицейди түзүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча кеңеш алынды.

Ошондой эле кесиптик туристтик билим берүүнүн стандарттарын жана ылайыкташтырылган окуу пландарын иштеп чыгуу боюнча кызматташууну тездетүү тууралуу конкреттүү макулдашууларга жетишилди.

Бул багытта темир жол адистиктерин камтыган кесиптер, анын ичинде асма жолдорун башкаруу, коопсуздук стандарттарын киргизүү, кесиптердин тизмесин жана квалификация деңгээлдерин аныктоо маселелери талкууланды.

“Австриянын бизнеси Кыргызстанда буга чейин эле иш алып барып жатат. Мисалы, “Допер Майер” компаниясы. Мындан тышкары Кытай – Өзбекстан – Кыргызстан трансулуттук темир жолу курулууда. Бул ири долбоорлор ишке ашырылып жаткан мезгилде биз алар менен катар эң жогорку деңгээлде кызмат көрсөтө ала турган кесипкөй адистерди даярдоого тийишпиз. Биз үчүн жана өнөктөш министрликтер үчүн кадрларды даярдоо, квалификацияны жогорулатуу, сертификациялоо жана валидациялоо боюнча тажрыйбаны өздөштүрүү өтө маанилүү. Ошондой эле “мамлекет – мамлекет” деңгээлинде кызматташтыкты өнүктүрүп, кесиптик билим берүүнүн мазмунун жаңылоо зарыл”, - деди министр.