Инновациялар жана жогорку түшүм. Айыл чарбасын өнүктүрүү планы бекитилди

Коом Загрузка... 04 Март 2026 16:50
whatsapp_image_2024-08-22_at_08_37_45.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Алдыдагы жылдар үчүн өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация тармактарынын стратегиялык пландары белгиленди. Бул тууралуу Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Турат Идирисов билдирди.

Анын айтымында, багбанчылыкта фермерлерди сапаттуу, сертификатталган мөмө-жемиш көчөттөрү менен камсыздоо негизги багыт катары алынууда.

Үрөнчүлүктө 2028-жылга чейин кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөнүн 37,1 миң тоннага жеткирүү пландалууда, бул учурдагы көрсөткүчтөн 30 пайызга жогору. Илимий изилдөөлөр үчүн эки мамлекеттик питомник түзүлөт", - деди ал.

Ошондой эле өсүмдүктөрдү коргоо багытында Жалал-Абад жана Балыкчыдагы лабораториялар толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 2026-жылы ишке берилет. Борбордук токсикологиялык лаборатория 2027-жылы ачылат.

Кооперацияны өнүктүрүү боюнча кооперативдерге техника берүү улантылат, 2026-2027-жылдары 2 миң гектар аянтка тейлөө көрсөтүлүп, 120дан ашык жаңы жумуш орун түзүү пландалууда.

"Айыл чарбаны туруктуулукка, ресурстарды үнөмдөөгө жана технологиялык өнүгүүгө багыттап, негизги максат катары өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу менен табиятка тийгизүүчү терс таасирди азайтуу каралууда.

Технологиялык инновациялар жаатында акылдуу теплицалар, тамчылатып сугаруу жана азыктандыруу системалары, автоматташтырылган робототехника, вертикалдык чарбалар, дрон жана спутник мониторингин киргизүү пландалууда. Бул чечимдер түшүмдүүлүктү 25-35 пайызга чейин жогорулатууга, сууну жана жер семирткичтерди үнөмдүү пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

Жогорку түшүмдүү жана кургакчылыкка чыдамдуу сортторду киргизүү менен продукциянын туруктуулугу камсыздалат, мисалы дүйнөлүк гибриддер DroughtGard", - деди ал.