Инновациялык конкурска 38 жогорку окуу жайы катышып, 196 долбоор сунуштаган

Коом Загрузка... 09 Март 2026 17:26
WhatsApp Image 2026-03-09 at 17.03.15.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.03.26 /Кабар/. “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар долбоорунун директору Расул Абазбек уулу 2025-жылы өткөрүлгөн инновациялык конкурстун жыйынтыгы менен бөлүштү.

Анын айтымында, өткөн жылы август айында биринчи айлампа жарыяланып, 38 мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайы сынакка катышууга өтүнмө берген.

“Жалпысынан 196 долбоор келип түштү. Алар эки-үч ирет электен өткөрүлүп, бүгүнкү күндө 59 деталдуу долбоор каралууда. Алар дагы бир жолу эксперттердин текшерүүсүнөн өтүшөт. 26-мартта министрликтин алдындагы координациялык кеңеш жыйынтыгын чыгарып, эң көп дегенде 8 долбоорго артыкчылык берет. Алардын саны андан да азыраак болушу мүмкүн. Себеби долбоорго бөлүнгөн каражат аз эмес болгондуктан, ал жерде өтө жогорку талаптар коюлган”, — деди ал.

Ошондой эле директор белгилегендей, долбоорлор төмөндөгүдөй 7 артыкчылыктуу багыт боюнча бөлүштүрүлгөн:

  • Энергетикалык жана инженердик-технологиялык системалар – 10;
  • Биомедицина жана биотехнологиялык илимдер – 11;
  • Биологиялык жана экологиялык медицина илимдери – 8;
  • Агрардык жана азык-түлүк илимдери – 10;
  • Билим берүү жана инклюзия – 6;
  • Социалдык-экономикалык инновациялар – 5;
  • Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана киберкоопсуздук долбоорлору – 9.
“Булардын баары мамлекет тарабынан артыкчылыктуу деп саналган багыттарга шайкеш келет”, — деди ал.