Бишкек, 10.12.25 /Кабар/. Индонезиянын Ачех, Түндүк Суматра жана Батыш Суматра провинцияларында болгон суу ташкындары жана жер көчкүлөрүнүн кесепетинен каза болгондордун саны 961ге жетти, дагы 293 адам дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги Улуттук кырсыктарды башкаруу агенттигине таянуу менен кабарлады.
Аталган агенттиктин башчысы Абдул Мухаринин айтымында, кырсыктын айынан үй-жайын таштап кеткендердин саны 1 миллион 57 миңден ашкан. Ал учурда өкмөттүн негизги максаты – эвакуациялык борборлордун муктаждыктарын камсыз кылуу жана жардам жеткирүүнү тездетүү экенин белгиледи.
Күн мурун Индонезиянын президенти Прабово Субианто кырсыктан жабыркаган Ачех аймагына барып, кырдаалга байланыштуу жыйын өткөрдү.
Анда ал жардамды тез жеткирүүнү, коопсуздукту камсыздоону жана байланыш үзүлгөн аймактар арасында авариялык абалды жоюу үчүн аскер, полиция, куткаруучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда биргелешкен иш-чараларды күчөтүүнү тапшырды.