Бишкек, 07.06.26. /Кабар/. Индиянын Махараштра штатында нөшөрлөгөн муссондук жаан-чачындан улам сел жана жер көчкү жүрүп, акыркы эки сутка ичинде 13 адам каза болуп, дагы 10 адам жаракат алды. Бул тууралуу Казинформ билдирди.
Штаттын өзгөчө кырдаалдар боюнча министри Гириш Махаджандын маалыматына ылайык, эң оор кырсык Мумбай шаарындагы Манкхурд районунда катталган. Ал жерде имарат урап, алты адамдын өмүрү кыйылып, бир адам жаракат алган.
Мындан тышкары, нөшөрлөгөн жаан жана жер көчкүдөн улам Мумбай шаары менен Палгхар жана Райгад аймактарында темир жол жана унаа каттамдары олуттуу үзгүлтүккө учурады.
Жергиликтүү бийлик куткаруу иштерин улантып, калкты коопсуздук чараларын так сактоого чакырууда.