ИИМ Интерпол менен кызматташтыкты кеңейтет

Коом Загрузка... 20 Февраль 2025 14:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Интерполдун президенти, генерал-майор Ахмед Насер Аль-Раиси менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу министрдин Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар укук коргоо тармагында эл аралык кызматташтыкты бекемдөө, трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүү жана КР Ички иштер министрлиги менен Эл аралык кылмыш полиция уюмунун (Интерпол) ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

"Белгилүү болгондой, 1996-жылы Кыргызстан Интерполдун мүчөсү болуп, Интерполдун Улуттук бюросун түзгөн.Ошол жылдар аралыгында биздин өлкө эл аралык полиция коомчулугунда татыктуу орунду ээлеп, оперативдүү мүмкүнчүлүктөрдү бекемдеди жана эл аралык кылмыштуулук менен күрөшүүдө өнөктөштүктүн географиясын кеңейтти", - деди Ниязбеков.

Иш-чаранын жүрүшүндө белгиленгендей, акыркы беш жылда Кыргызстан дүйнөлүк коопсуздук рейтингинде өзүнүн позициясын кыйла бекемдеди. Бул укук тартибин камсыз кылуу жана жарандарды коргоо чөйрөсүндө көрүлүп жаткан чаралардын жогорку натыйжалуулугун көрсөтүп турат. Чет мамлекеттердин укук коргоо органдары, КР ИИМ кызматкерлери менен тыгыз кызматташуунун аркасында Интерпол линиясы боюнча оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн эл аралык кылмышкерлерди кармоо жүргүзүлдү.

Улан Ниязбеков белгилегендей, КР ИИМи эл аралык өнөктөштөр менен активдүү өз ара аракеттенүүнү улантып, кызматташтыктын масштабын кеңейтүүдө жана глобалдык деңгээлде кылмыштуулукка каршы күрөшүү механизмдерин өркүндөтүүдө.

Өз кезегинде Интерполдун президенти биргелешкен ишти жогору баалап, Интерполдун ресурстарын жана маалымат базасын натыйжалуу пайдалануу үчүн өнөктөштүк байланыштарды тереңдетүүнү сунуштады.

Жолугушуунун соңунда тараптар ыкчам маалымат алмашуунун жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, конструктивдүү кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин тастыкташты.