ИИМ имаратынын жанындагы теректердин кыркылышы. Министрлик түшүндүрдү

Коом 12 март 2026 18:15
648212906_1324353499713648_8254852254357099121_n.jpg
648829087_1324353516380313_2203182665358231843_n.jpg
648835232_1324353403046991_7025734773379429805_n.jpg
649077793_1324353406380324_3404848542709303358_n.jpg
649506937_1324353479713650_7736782283937768556_n.jpg
649804180_1324353399713658_1947752201675353199_n.jpg
650302779_1324353289713669_8746271609554848223_n.jpg
651226057_1324353286380336_3712293948170848119_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ИИМ

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын айланасындагы куураган дарактар санитардык кыркуудан өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин аталган аймакта кургаган бутактардын сынып түшүү учурлары катталган. Ошого байланыштуу ИИМ коопсуздукту камсыздоо максатында "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасына кайрылуу жолдогон.

Адистер тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында айрым теректердин абалы начар экени жана жөө жүргүнчүлөр менен унаалар үчүн кооптуулукту жаратары аныкталган.

Учурда "Бишкек жашыл чарбанын" кызматкерлери тарабынан дарактардын үстүңкү бөлүктөрүн санитардык кыркуу жана иретке келтирүү иштери толугу менен аяктады.