Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Хорватияда Түркиянын Токой чарба башкы башкармалыгына таандык өрт өчүрүүчү учак кулап, учкуч каза болду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.
Маалыматка караганда, учактын калдыктары Хорватиянын Сень шаарынын жанынан табылды.
AT802 үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү эки учак 12-ноябрда саат 10:24тө Чанаккаледен Хорватиянын Загреб шаарына техникалык тейлөө үчүн учууга чыккан. Аба ырайынын шарттарынан улам эки учак тең Хорватиянын Риека аэропортунда токтоп калган.
13-ноябрда Түркия убактысы боюнча саат 17:38де учак Загребге карай кайра учкан. Бирок, аба ырайынын начарлашына байланыштуу Риекага кайтууга аргасыз болгон. Кайтып келе жатканда учактардын бири Риекага аман-эсен конгон, экинчи учак менен байланыш Түркия убактысы боюнча саат 18:25те үзүлгөн.
Эске салсак, 11-ноябрда Азербайжандан учуп келе жаткан түрк C-130 аскердик-транспорттук учагы да Грузия аймагында кулаган. Кырсык Грузиянын чек арасынан өткөндөн кийин болжол менен 5 чакырым аралыкта болгон. Түркиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, учакта экипажды кошкондо 20 түрк аскер кызматкери болгон жана алардын эч бири аман калган эмес.