Грецияда мигранттарды ташыган кеме оодарылып, 18 адам каза тапты

Дүйнө Загрузка... 08 Декабрь 2025 08:55
af8d9b3a-4dc3-4d12-b45c-be77aaa3408e.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.12.25 /Кабар/. Грецияда мигранттарды ташып бараткан кеме оодарылып кетип, кеминде 18 адам каза тапты. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсык Крит аралынын түштүк жээгинде, Иерапетра шаарынан болжол менен 48 чакырым алыстыкта орун алган. Мигранттар отурган кеме белгисиз себептер менен чөгүп кеткен.

Грециянын Жээк күзөт кызматынын маалыматына ылайык, куткаруу операциясынын жүрүшүндө 18 адамдын сөөгү табылып, дагы эки адам куткарылган. Учурда калган жоголгондор изделип жатат.

Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Учурда Грециянын тиешелүү органдары иликтөө иштерин башташты.