Бишкек, 03.11.25 /Кабар/. Германиядагы экономикалык кризис күчөп, жергиликтүү компаниялардын үчтөн бир бөлүгү 2026-жылга чейин жумуш орундарын кыскартууну пландап жатышат. Бул тууралуу Германиянын Экономика институтунун изилдөөсүнө таянуу менен, Казинформ жазды.
Кёльн шаарындагы IW жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, Германиядагы компаниялардын 36%ы алдыдагы жылы кызматкерлерин кыскартууну көздөсө, болгону 18%ы гана жаңы жумуш орундарын түзүүнү пландап жатат.
Өнөр жай тармагындагы абал өзгөчө оор. Бул тармактагы ишканалардын 41%ы жумуштан бошотуулар болорун билдиришкен.
Инвестициялар да начарлоодо. Сурамжылоого катышкан компаниялардын 23%ы гана 2026-жылы инвестиция көлөмүн көбөйтүүнү пландап жатса, 33%ы аны кыскартууну көздөшүүдө.
Изилдөөчүлөр Германиядагы бул кризис геосаясий кысымдар жана ички реформалардын жетишсиздиги менен байланыштуу экенин белгилешкен. Алар өкмөттүн миллиарддаган евролук көмөк программалары күтүлгөн натыйжага жетпей калышы мүмкүн деп эскертишет.
Белгилей кетсек, буга чейин Bosch компаниясы 13 миң жумуш ордун кыскартарын жарыялаган. Компания бул кадам аркылуу Европадагы автоунаа рыногундагы кризиске байланыштуу 2,5 миллиард евро үнөмдөөнү көздөп жатат.