Гектарынан 100 тоннага чейин түшүм алууга болот. Алма өстүрүүнүн жаңы ыкмасы сунушталды

Коом Загрузка... 10 Февраль 2026 13:58
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги гектарынан 90-100 тоннага чейин түшүм берген М9 карлик подвоюна уланган алма көчөттөрүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

Карлик подвойлор интенсивдүү багбанчылык үчүн колдонулат, бирок мындай бактарды 1 гектарга отургузууда чыгымдар бир топ жогору болот. Ошондуктан, эгер 4-5 гектар аянтка бак отургузууну пландагандар М9 подвоюн колдонсо ылайыктуу.

Бул подвойдун тамыр системасы терең кетпейт, орточо 60-80 сантиметрге чейин гана өсөт жана тамыры назик (морт) болот. Ошондуктан көчөттөрдү сөзсүз түрдө шпалерага бекем байлап, италиялык кыйгач пальмета формасында калыптандыруу керек. Ушундай агротехниканы туура колдонгондо, 1 гектар аянттан 90–100 тоннага чейин түшүм алууга мүмкүнчүлүк бар.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти болсо жарым карлик подвой болгон ММ-106ны колдонууну сунуштайт. Бул подвойдо галавал, пинк леди, жеромини сыяктуу сорттор жакшы өсөт. Бул сорттор келечектүү болуп, мол жана сапаттуу түшүм берүүгө жөндөмдүү.