Бишкек, 22.10.25 /Кабар/. Франциянын чыгышындагы Лангрес шаарында жайгашкан Дени Дидронун “Агартуу үйү” музейи Лувр музейи тонолгондон кийин тонолду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, бул акыркы бир жуманын ичинде Францияда тонолгон үчүнчү музей. Уурулар музейдин көргөзмөсүн талкалап, андан 2011-жылы музейге өткөрүлүп берилген алтын жана күмүш тыйындарды уурдап кетишкен. Бул тыйындар шаардын аймагында курулуш иштеринин жүрүшүндө табылган уникалдуу табылгалар болгон. Келтирилген зыяндын көлөмү иликтөөдөн кийин аныкталат.
Эске салсак, буга чейин 19-октябрда Лувр музейинен француз ханышаларына жана императрицаларына таандык диадема, сөйкө, мончок жана брошь сыяктуу тогуз баалуу зер буюм уурдалган. Булардын ичинен императрица Евгения де Монтихого таандык бузулган таажы табылып, музейге кайтарылган. Жалпы зыян 88 миллион еврого бааланган.
Ошондой эле Париждеги Улуттук табият тарыхы музейи да тонолуп, Кытай жараны алтын кесектерин уурдаган деген шек менен камакка алынган.
Францияда акыркы күндөрү музейлерге карата уурулуктардын күч алышы коомчулуктун тынчсыздануусун жаратууда.