Францияда Moët & Chandon баштаган 26 компания ишин токтотту

Дүйнө Загрузка... 08 Декабрь 2025 08:25
40440807-5adf-4ced-af1b-fd68cab0e73f.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.12.25 /Кабар/. Франциядагы массалык иш таштоолордун кесепетинен 26 алкоголдук ичимдик өндүрүүчү компания өз ишин токтотууга аргасыз болду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш таштоолор шарап, шампан, коньяк жана башка спирт ичимдиктерин өндүргөн ири компанияларга терс таасирин тийгизди.

LCI телеканалы билдиргендей, Франциянын түндүк-чыгышындагы Шампан-Арден аймагында жайгашкан Ruinart жана Moët & Chandon компанияларынын кызматкерлеринин 80 пайызы иш таштоого чыгышкан.

Алар ишкана жетекчилигинин жылдык бонус төлөмүн жокко чыгаруу чечимине каршы экенин билдиришкен. Бул бонус 1967-жылдан бери төлөнүп келген жана быйыл алгачкы жолу токтотулууда. Профсоюз өкүлдөрүнүн айтымында, бул бонустун жоктугу айрым кызматкерлер үчүн эмгек акынын 10-15% төмөндөшүнө алып келет.

Бонустарды токтотуу чечими тармактагы начар экономикалык көрсөткүчтөр менен байланыштуу экени айтылууда.

2024-жылдын биринчи чейрегинде алкоголдук ичимдиктерге болгон суроо-талап 33%га төмөндөгөн, жыл аягына чейин бул көрсөткүч 36%га жетиши мүмкүн. Бул негизинен Кытайдын француз коньягын импорттоого чектөө киргизиши жана АКШда керектөөнүн азайышы менен байланыштуу.