Эски имарат кооптуу абалда. Түптүн Көөчү айылында жаңы мектеп курулууда

Коом Загрузка... 25 Ноябрь 2025 09:56
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Түп районуна караштуу Көөчү айылынын Осмонов көчөсү 86 дарегинде эки кабаттуу жаңы мектеп курулуп жатат.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, имараттын жалпы аянты 1351,74 чарчы метрди түзөт.

Долбоорго ылайык, эки кабаттуу мектепте окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык заманбап шарттар каралган.

Курулуш иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Иштерди "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы аткарып жатат. Жаңы мектепти 2026-жылдын жай айына чейин бүткөрүү пландалууда.

Учурда жаңы мектептин бүткөрүлүшүн күткөн 500гө жакын окуучу 15 жыл мурда курулуп, жер титирөөдөн улам кооптуу абалга келген эски мектепте билим алууда.