Эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Коом Загрузка... 16 Март 2026 12:10
WhatsApp Image 2026-01-21 at 16.26.45.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 18-мартка чейин өлкөнүн тоолуу райондорунда жана негизги унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, туруксуз аба ырайына байланыштуу төмөнкү жол тилкелеринде этият болуу зарыл:

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 198–255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында;
  • Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55–115-чакырымдарында;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт: 292–305-чакырымдарындагы Долон ашуусунда;
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45–90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда;
  • Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 201–205, 260–290 жана 326–349-чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусунда.
"Аталган аймактарда кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Коопсуздукту камсыздоо үчүн унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты так сактоо талап кылынат", - деп айтылат маалыматта.