Эсептөө палатасы GSAI долбоорунун биринчи баскычын жыйынтыктады

Коом Загрузка... 25 Ноябрь 2025 16:16
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.11.25 /Кабар/. Эсептөө палатасы 2023–2025-жылдары ишке ашырылган Отчеттуулуктун глобалдык демилгесин колдоо (GSAI) долбоорунун биринчи этабын жыйынтыктады.

Долбоор Польшадагы Жогорку аудит органы, IDI уюму менен биргеликте Европа биримдиги жана Сауд Аравиясынын аудит органынын колдоосу менен ишке ашырылып келет.

Эки жылдын ичинде Эсеп палатасы эл аралык ISSAI (Жогорку аудит органдары үчүн эл аралык аудит стандарттары) стандарттарына ылайыкташтырылып, каржылык, шайкештик жана натыйжалуулук аудитинин жаңы методикаларын кабыл алган. Андан сырткары аудиторлор үчүн атайын окуулар өткөрүлүп, алардын кесиптик деңгээли жогорулатылган.

Мекеме ошондой эле санариптештирүү боюнча да өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгып, аудиттин санариптик деңгээлин баалап, кызматкерлер маалыматтарды талдоо жана IT-аудит боюнча жаңы ыкмаларды үйрөнүшкөн. Польшанын жогорку аудит органынын санариптик тажрыйбасы да колдонулган.

Ошондой эле коммуникация стратегиясы кабыл алынып, ички эрежелер жаңыланып, өлкөдөгү аудиттин ачыктыгын жана жоопкерчилигин камсыздай турган Этикалык кодекс кабыл алынган.

Эсептөө палатасы GSAI долбоорунун кийинки этабына даяр экенин билдирди.