Бишкек, 12.12.25 /Кабар/.“Кыргыз тилинин улуттук корпусу” кыргыз тилинин жаралышынан берки маалыматтардын санариптик казынасы. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Санарип жана инновациялар бөлүмүнүн башчысы Айзаратбек Эсенов “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, улуттук корпус - кыргыз тилиндеги бардык маалыматтарды, анын ичинде аудио жана тексттик материалдарды бириктирген, издөө жана талдоо мүмкүнчүлүгүн берген санариптик платформа.
“Бүгүн платформага расмий старт берилди. Эми жарандарыбыз өздөрүндө болгон бардык кыргызча тексттерди платформага жүктөй алышат. Кийинки жылы ал жакка миллиарддаган текст киргизилет деген үмүттөбүз.
Платформанын негизги максаты - жогорку окуу жайлар үчүн кыргызча материалдарды даярдоо, кыргыз тилин жасалма интеллектке негиздөө жана эң башкысы мамлекеттик тилди өнүктүрүү”,-деди ал.
Ал кошумчалагандай, “Кыргыз тилинин улуттук корпусу” - тилдик материалдарды иреттөө, сактоо жана санариптик мейкиндикке чыгаруу аркылуу кыргыз тилин изилдөөгө, үйрөнүүгө жана заманбап технологияларда, анын ичинде жасалма интеллект системаларында кеңири пайдаланууга шарт түзгөн улуттук маанидеги ресурс.
“Башка өлкөлөрдө мындай базаны түзүү 15-20 жыл талап кылса, Кыргызстан бул иштерди 2026-жылдын аягына чейин толук бүтүрүүнү көздөп жатат. Учурда платформанын базасында 86 миңге жакын текст камтылган. Платформага tilcorpus.kg шилтемеси аркылуу кирүүгө болот”,-деди ал.