Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 21-февралга карата өлкө аймагындагы аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, эртең Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, ал эми айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Аймактардагы абанын температурасы:
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары: +8... +13°C
- Чүй облусу: +6... +11°C
- Талас облусу: +5... +10°C
- Ысык-Көл облусу: +3... +8°C
- Нарын облусу: 0... +5°C
- Суусамыр өрөөнү: 0... -5°C
Борбор калаа Бишкекте абанын температурасы +9... +11°C градусту түзөт.
Министрлик тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертип, айдоочуларды жана жарандарды этият болууга чакырат.