Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом 13 апрель 2026 11:10
1658310488_large_730x0_730x0_730x0_730x0_1.730x0.jpeg
1775817641.jpeg
Алдыга
Артка
1658310488_large_730x0_730x0_730x0_730x0_1.730x0.jpeg
1775817641.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 13.04.26. /Кабар/. Эртең Бишкек шаарынын айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-өндүрүштүк объектилерде суу болбойт.

Өчүрүү аймагы:

  • Л. Толстой көчөсү – Бакаев көчөсү – Алтымышев көчөсү – Жунусалиев көчөсү – Гагарин көчөсү – С. Боронбай көчөсү – Жазыйра көчөсү – Муромск көчөсү – Өмүр көчөсү – Алыкулов көчөсү – Ахунбаев көчөсү – Кырккыз көчөсү – Көк-Жайык көчөсү – Гагарин көчөсү – Торугарт көчөсү;
  • Жумушчулар шаарчасы;
  • Дыйканчылык институту;
  • "Ак-Өргө" конушу;
  • "Ак-Ордо" конушу (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы);
  • "Теңир-Тоо" конушу (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн).

Суу "Гагарин" жана "Түштүк-Батыш" суу топтомолорунда, ошондой эле шаардык суу түтүк тармактарында пландык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.