Кыргызстан менен Россия агроөнөр жай тармагында кызматташтыгын кеңейтет

Министрлер кабинети 19 сентябрь 2026 10:55
IMG_3307.jpeg
IMG_3306.jpeg
IMG_3304.jpeg
IMG_3303.jpeg
IMG_3305.jpeg
IMG_3308.jpeg
IMG_3311.jpeg
IMG_3310.jpeg
IMG_3309.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3307.jpeg
IMG_3306.jpeg
IMG_3304.jpeg
IMG_3303.jpeg
IMG_3305.jpeg
IMG_3308.jpeg
IMG_3311.jpeg
IMG_3310.jpeg
IMG_3309.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 19.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Россияга болгон жумуш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарында Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Патрушев менен жолукту.

Жолугушуу Балык өнөр жайы XI эл аралык форумунун алкагында өткөрүлдү. Тараптар негизинен Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы агроөнөр жай тармагында кызматташуунун актуалдуу маселелерин сүйлөштү. 

Статистикалык көрсөткүчтөр боюнча айыл чарба жана кайра иштетилген продуктуларды Кыргызстан менен Россиянын ортосунда өз ара соода жүгүртүүдө 2025-жылы 652,3 млн АКШ долларын түзгөн, бул 2024-жылга салыштырмалуу 88,5 АКШ долларга көп. 

Тараптар мындан ары соода жүгүртүүдөн өндүрүшкө өтүүнүн зарылдыгын белгилешти. Анда биргелешкен кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү, логистика жана сактоо инфраструктурасын өнүктүрүү жана эл аралык стандарттарга жооп берген таңгактоонун маанилүүлүгүнө токтолушту. 

Эрлист Акунбеков балык чарбачылыгы тармагында ар тараптуу кызматташуу, айыл чарба продуктуларын кайра иштетүүдө жана Кыргызстанда өндүрүлгөн продуктуларды Россиянын рыногуна чыгаруунун көлөмүн кеңейтүү боюнча биргелешкен эки тараптуу жаңы долбоорлорду иштеп чыгууну сунуштады.  

Өз кезегинде Дмитрий Патрушев Россия сунушталган демилгелерди практикалык ишке ашырууга жана мындан ары агро өнөр жай тармагында өз ара терең кызматташууга даяр экендигин билдирди. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар балык чарбачылыгы тармагындагы долбоорлор боюнча биргелешкен жол карталарды иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгилешип, макулдашты. 

Белгилей кетсек, Балык өнөр жайы XI эл аралык форуму үстүбүздөгү жылдын 16-18-сентябрь күндөрү өткөрүлдү. Анын алкагында Seafood Expo Russia 2026 эл аралык көргөзмөсү болуп ага Индия, Иран, Кытай, Кыргызстан, Россия мамлекеттеринин улуттук күркөлөрү уюштурулуп, балык чарбачылыгы тармагындагы ишкерлер катышты. 

Эрлист Акунбеков форумга катышкан кыргызстандык балык өндүрүүчүлөрдүн балык чарбачылыгы тармагында эл аралык деңгээлге чыккан ишкерлер менен өз ара тажрыйба алмашуусуна, өнөктөштөрдү табуусуна жана ишкерлердин продуктуларын экспортко чыгарууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында көргөзмөгө барды.