Энерготутум штаттык режимде: Суткалык керектөө 46,9 млн кВт•саатты түздү

Коом Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 12:15
NazarNews_15305849920327042116301512343216462683.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Өлкөдө өткөн сутканын жыйынтыгы боюнча электр энергиясын керектөө 46,9 млн кВт•саатты түздү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирет.

Бүгүн, 30-июлга карата Кыргызстандын энергетика тутуму штаттык режимде иштеп жатат. Электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок.

Алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында электр тармактарынын объектилеринде пландуу оңдоо иштери улантылууда.

Пландуу оңдоо иштеринин графиги менен керектөөчүлөр "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын расмий сайты www.nesk.kg, ошондой эле "Мой свет" мобилдик тиркемеси аркылуу тааныша алышат.

Энергетиктер керектөөчүлөрдү, айрыкча эң жогорку жүктөм болгон сааттарда, электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырышат. Бул энергетика тутумунун ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыздоого өбөлгө түзөт.