Энергетиктердин ШКУ жана Көчмөндөр оюнуна даярдыгы текшерилди

Коом 708 09 Апрель 2026 13:16
666064599_939552705336372_3577861727277945020_n.jpg
666840926_939552855336357_94287093956586044_n.jpg
667722034_939552615336381_453959748566789410_n.jpg
668592323_939552915336351_7801707318203448051_n.jpg
668390225_939552642003045_8647566527140355231_n.jpg
668649547_939552735336369_2091258814518775296_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 9-апрелде энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек электр тармактар ишканасында кызматтардын уюштурулушу менен таанышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, министр ишканын кампаларын карап чыгып, авариялык кырдаалдарды ыкчам жоюу үчүн керектүү материал жана жабдуулардын жетиштүүлүгүн текшерди.

Компания жетекчиси жабдуулар жетиштүү экенин билдирип, алдыдагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери башталгандыгын айтты.

Ошондой эле, Таалайбек Ибраев жаңы "Ош" базары жана жаңы автобекеттин аймагында 90 чакырым СИП-3 өткөргүчүн тартуу иштерин тездетүү керектигин белгиледи.

Жыйынтыгында энергетика министри электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуунун маанисине токтолуп, Шанхай кызматташтык уюмунун иш-чараларына жана Көчмөндөр оюнуна даярдык көрүүнү, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн сапаттуу иш алып барууну тийиштүү жетекчилерге тапшырды.

Мындан тышкары, күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүү, оңдоо иштерин өз убагында аткаруу, авариялык бригадалардын даярдыгын камсыз кылуу жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча так тапшырмалар берилди.