Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Сеул шаарында президент Садыр Жапаровдун Кореяга болгон расмий сапарынын алкагында энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кореянын электр энергетикалык корпорациясынын (Korea Electric Power Corporation, KEPCO) корпоративдик улук вице-президенти Чанхёк Чон менен жолугушту.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, анда энергетика тармагындагы кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Тараптар энергетиканы санариптештирүү, электр энергиясынын жоготууларын кыскартуу, интеллектуалдык электр энергиясын эсепке алуу тутумдарын (AMI), энергияны сактоо тутумдарын (BESS) киргизүү, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ошондой эле адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу багыттарындагы кызматташтыкты талкуулашты.
KOICA ODA долбоорунун алкагында Бишкек шаарында CAS сервердик инфраструктурасы түзүлүп, 10 миң үй чарбасына AMI түзмөктөрү орнотулган.
Долбоордун кийинки этабында KETEP долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусундагы дагы 125 миң үй чарбасына AMI түзмөктөрүн орнотуу каралган.