Өлкө боюнча электр энергиясын так эсепке алуу үчүн жаңы жабдуулар орнотулат

Коом 7 сентябрь 2026 16:30
Өлкө боюнча электр энергиясын так эсепке алуу үчүн жаңы жабдуулар орнотулат
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда электр энергетика тармагын модернизациялоо долбоорунун алкагында 90 комплект өлчөөчү трансформаторлорду жеткирүү аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында алынган жабдуулар электр энергиясын так эсепке алууга жана бөлүштүрүүчү тармактардагы релейлик коргоо жана автоматика системаларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Жаңы трансформаторлорду өлкөнүн бардык аймактарындагы "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКтын филиалдарына орнотуу иштерин 2026-жылдын октябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Жабдууларды жеткирүү боюнча келишимдин жалпы суммасы 41 млн 640 миң сомду түздү.