Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды 200дөн ашуун энергетик үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздашты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, энергетикалык инфраструктура объектилерин даярдоо жана энергетикалык кызматтардын даярдыгы министрликтин жетекчилигинин туруктуу көзөмөлүндө болду.
Адистер электр тармактарынын жана жабдуулардын техникалык абалын текшерип, резервдик электр булактарынын даярдыгын камсыздашты. Ошондой эле ыкчам нөөмөт бригадалары түзүлдү.
Майрамдык иш-чаралар өткөн мезгилде 200дөн ашуун энергетик күчөтүлгөн жана күнү-түнү иш режиминде кызмат өтөштү. Нөөмөт бригадалары электр тармактарынын жана жабдуулардын абалын тынымсыз көзөмөлдөп, күтүлбөгөн кырдаалдар жаралган учурда ыкчам чара көрүүгө толук даяр болушту.