Эми КРСУнун болочоктогу юристтери Акыйкатчы институтунда тажрыйба топтойт

Коом 6 март 2026 11:20
5280689817337402809.jpg
5280689817337403140.jpg
5280689817337403142.jpg
5280689817337403139.jpg
5280689817337403141.jpg
5280689817337403136.jpg
5280689817337402812.jpg
5280689817337402811.jpg
5280689817337402810.jpg
5280689817337402241.jpg
5280689817337402270.jpg
5280689817337402212.jpg
5280689817337402170.jpg
5280689817337402199.jpg
Алдыга
Артка
5280689817337402809.jpg
5280689817337403140.jpg
5280689817337403142.jpg
5280689817337403139.jpg
5280689817337403141.jpg
5280689817337403136.jpg
5280689817337402812.jpg
5280689817337402811.jpg
5280689817337402810.jpg
5280689817337402241.jpg
5280689817337402270.jpg
5280689817337402212.jpg
5280689817337402170.jpg
5280689817337402199.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана КРСУнун ректору Сергей Волков кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирет.

Маалыматка ылайык, келишимдин алкагында КРСУнун студенттери Акыйкатчы институтунан практика өтүп, ал эми окутуучулар менен илимий-аналитикалык багытта биргелешкен иштер жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, акыйкатчы болочоктогу юристтер менен жолугуп, институттун ишмердүүлүгү жана адам укуктарын коргоодогу жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди.

Студенттер чет өлкөдө калган мекендештердин, аялдардын жана балдардын укуктары, ошондой эле экстремисттик топторго азгырылып кеткендерди кайтаруу маселелери боюнча суроолорун беришти. Жамиля Жаманбаева акыйкатчы жарандардын укугун өлкө ичинде гана эмес, чет жакта да коргой турганын, буга чейин бир нече мекендешти мекенине кайтарууга көмөк көрсөтүлгөнүн белгиледи.

"Акыйкатчы — бул мамлекет менен жарандын ортосундагы көпүрө. Биздин башкы максатыбыз адилеттүүлүктү камсыз кылуу", - деди.

Жолугушуунун соңунда Жамиля Жаманбаева активдүү студенттерди институттун иши менен жакындан таанышууга жана келечекте бирге иштешүүгө чакырды.