Эми ИИМде кылмыштын бетин ачууну тездеткен жаңы технологиялар колдонулат

Коом 26 май 2026 17:10
WhatsApp Image 2026-05-26 at 13.51.54 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-26 at 13.51.54 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-26 at 13.51.54.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-05-26 at 13.51.54 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-26 at 13.51.54 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-26 at 13.51.54.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалисттик кызматын модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулду. Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге дүйнөлүк стандарттарга жооп берген жогорку технологиялуу системалардын ишин көрсөтүү учурунда айтылды.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун айтымында, лаборатория жогорку технологиялык жабдуулар менен жабдылган, бул молекулярдык-генетикалык изилдөөлөрдүн абсолюттук тактыгына жана ишенимдүүлүгүнө кепилдик берет.

"Кызматка ошондой эле кылмыштарды ачуу процессин бир топ тездеткен "ПОИСК" автоматташтырылган баллистикалык системасы жана "Сонда" дактилоскопиялык системасы киргизилген", — деди министр.

Белгилей кетсек, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигинин объектилерине иш сапары менен барып, анын бөлүмдөрүн масштабдуу реконструкциялоонун жана техникалык жактан кайра жабдуунун жыйынтыктары менен таанышты.