Касымалиев ИИМдин бөлүмдөрүнүн жаңыланган шарттары менен таанышты

Министрлер кабинети 26 Май 2026 14:35
6a155455c3ae2 (1).jpeg
6a155471d9cc8.jpeg
6a155471480fb.jpeg
6a15546dafc45.jpeg
6a15546c7e8f6.jpeg
6a15546b9918a.jpeg
6a15546a873dc.jpeg
6a1554698dd4a.jpeg
6a155469234a9.jpeg
6a15546833059.jpeg
6a15546625841.jpeg
6a155464b7866.jpeg
6a155463cd620.jpeg
6a15546260fed.jpeg
6a15546207199.jpeg
6a15546036d44.jpeg
6a15546022d8b.jpeg
6a15545d6c3fa.jpeg
6a15545d69b17.jpeg
6a15545c4d54b.jpeg
6a155458e2962.jpeg
6a15545643a6e.jpeg
Алдыга
Артка
6a155455c3ae2 (1).jpeg
6a155471d9cc8.jpeg
6a155471480fb.jpeg
6a15546dafc45.jpeg
6a15546c7e8f6.jpeg
6a15546b9918a.jpeg
6a15546a873dc.jpeg
6a1554698dd4a.jpeg
6a155469234a9.jpeg
6a15546833059.jpeg
6a15546625841.jpeg
6a155464b7866.jpeg
6a155463cd620.jpeg
6a15546260fed.jpeg
6a15546207199.jpeg
6a15546036d44.jpeg
6a15546022d8b.jpeg
6a15545d6c3fa.jpeg
6a15545d69b17.jpeg
6a15545c4d54b.jpeg
6a155458e2962.jpeg
6a15545643a6e.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигинин объектилерине иш сапары менен барып, анын бөлүмдөрүн масштабдуу реконструкциялоонун жана техникалык жактан кайра жабдуунун жыйынтыктары менен таанышты.

Белгилей кетсек, иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын майрамдоого карата уюштурулду.

Алсак, "Шумкар" атайын багыттагы полкуна баруу учурунда минкаб башчысы бөлүмдүн жаңыланган инфраструктурасын көрдү. Бул жерде жаңы казарма, жабык мини-футбол аянтчасы курулуп, спорт залы жана кызматтык кабинеттер толугу менен реконструкцияланды. Ошондой эле бөлүмдүн аймагында оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Адылбек Касымалиев ыңгайлуу шарттарды түзүү атайын бөлүктүн жоокерлеринин физикалык жана кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатууга түздөн-түз таасир этерин белгиледи.

Мындан тышкары, Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалисттик кызматын модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулду. Минкаб башчысына дүйнөлүк стандарттарга жооп берген жогорку технологиялуу системалардын иши көрсөтүлдү.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун айтымында, лаборатория жогорку технологиялык жабдуулар менен жабдылган, бул молекулярдык-генетикалык изилдөөлөрдүн абсолюттук тактыгына жана ишенимдүүлүгүнө кепилдик берет. Кызматка ошондой эле кылмыштарды ачуу процессин бир топ тездеткен "ПОИСК" автоматташтырылган баллистикалык системасы жана "Сонда" дактилоскопиялык системасы киргизилген.

Андан соң Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын капиталдык оңдоодон кийинки имаратын текшерди. Имаратта инженердик коммуникациялар толугу менен алмаштырылып, жарык берүү жана электр энергиясы менен камсыздоо системалары жаңыланган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында минкаб төрагасы укук коргоо органдарынын инфраструктурасын чыңдоо жана кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу милициянын ишииин натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандардын коопсуздугун ишенимдүү камсыздоого түздөн-түз өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.