Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы 16 объекттин ачылышына онлайн күбө болду.
Алардын арасында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кошумча корпусу, жаңы мектептер, Гулистан айылындагы фельдшердик-акушердик пункт, Базар-Коргондогу кыш заводу, Ноокен жана Сузак райондорундагы спорт жана маданият жайлары, Манас шаарындагы 600 батирлүү "Асман-8" жана Сузактагы 312 батирлүү "Асман-14" турак жайлары бар.