Эми бийик тоолордогу электр тармактарын дрондор көзөмөлдөйт

Коом 25 февраль 2026 10:30
1.jpg
640388971_1370134265157311_5136447867006185712_n.jpg
640410707_1370134185157319_7618913546299274089_n.jpg
640952847_1370134181823986_5720622822033225696_n.jpg
641170392_1370134175157320_812924298629300498_n.jpg
642344635_1370133981824006_1027005168392431249_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Эми бийик тоолордогу электр тармактарын дрондор көзөмөлдөй баштайт. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтан билдиришти.

Компания "Бизнес Стандарт" ЖЧКсы менен жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын дрондордун жардамы менен көзөмөлдөө боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу максатында меморандум түздү.

Долбоор ата мекендик өндүрүштү колдоого жана бийик тоолуу, барууга кыйын болгон аймактардагы энергетиктердин ишин жеңилдетүүгө багытталган.

Дрондордун техникалык мүнөздөмөсү:

  • тик учууга жана конууга ылайыкташтырылган;
  • 150 чакырымга чейинки аралыктагы аба чубалгыларын текшере алат;
  • учуу убактысы 8 саатка чейин жетет.

Бул заманбап технологиялык чечим электр тармактарынын абалын ыкчам көзөмөлдөөгө жана авариялык абалдардын алдын алууга шарт түзөт.