Элчи Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын суу чарба министри менен жолугушту

Коом 1091 14 Февраль 2025 13:15
photo_5294192202374835916_y.jpg
photo_5294192202374835917_y.jpg
photo_5294192202374835918_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5294192202374835916_y.jpg
photo_5294192202374835917_y.jpg
photo_5294192202374835918_y.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Өзбекстандын элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын суу чарба министри Шавкат Хамраев менен жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар тиешелүү тармактагы кызматташтык, анын ичинде эки өлкөнүн биргелешкен суу чарба комиссиясынын ишмердүүлүгү канааттануу менен белгилешти.

Андан соң, мындан ары пландаштырылган эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы иш-чаралар талкууланып, суу эки тараптуу мамилелерде бириктирүүчү фактор болуп саналат деген пикирге келишти.

Тараптар жолугушуунун соңунда бул тармакта өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого даяр экендигин билдиришти.