Бишкек, 09.04.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев майыптыгы бар адамдар үчүн, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда, жумуш орундарын квота менен камсыз кылуу зарылдыгын билдирди.
Ал белгилегендей, Эмгек кодекси боюнча 25тен ашык кызматкери бар ишканаларда майыптыгы бар адамдар үчүн 4% квота каралган. Мисалы, 25-49 кызматкери бар ишканаларда эң аз дегенде бир жумуш орду, 50-74 кызматкери бар ишканаларда эки жумуш орду болушу керек. Бирок депутат билдиргендей, мамлекеттик кызмат боюнча мыйзамда мындай норма жок, ал жерде кызматка алуу конкурс аркылуу гана жүргүзүлөт.
Дастан Бекешев мыйзам долбоорун колдоого чакырып, Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелеринде каралган эмгек укугун ишке ашырууга шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
"Бул мыйзам кабыл алынса да, бардык майыптыгы бар адамдар кадр резервине турбайт, себеби көбүнүн жогорку билими жок. Бирок 10-20 чакты адамга шарт түзүлсө деле жакшы болот. Майыптыгы бар адамдардын эл аралык конвенциясында уюмдун кандай гана формасы болбосун, майыптыгы бар жарандар үчүн жумуш орундары берилүүгө тийиш", — деди ал.