Экологиялык тартип бузууларды көрсөңүз, ишеним телефонуна билдириңиз

Коом Загрузка... 20 Февраль 2026 13:20
1463913581_car-smog.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
copyright icon WWW

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жалпы экологиялык мыйзам бузуулар тууралуу "108" ишеним телефонуна билдирүүгө чакырат.

Ведомство калдыктарды өрттөө жана ашыкча түтүн чыккан унааларды иштетүү — мыйзам бузуу жана экологияга зыян экенин эскертет. Эгер тигүү калдыктары, дөңгөлөк же башка уулуу заттар күйүп жатса, же унаадан коюу түтүн чыкса жогорудагы ишеним номерине кабарлоону суранат.

Эмне үчүн маанилүү?

  • уулуу заттар абаны булгайт;
  • түтүн көбөйүп, ден соолукка зыян тийгизет;
  • табиятка узак мөөнөттүү зыян келтирет.

Кантип билдирүү керек?

  • сүрөт/видео тартып;
  • "108ге" чалыңыз;
  • дареги, унаанын номери жана башкалар боюнча так маалымат бериңиз.

Ишеним телефону иш күндөрү 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт.