Эко-инновация: Кыргыз жаштары КМШ конкурсунан жеңиш менен кайтты

Коом 25 ноябрь 2025 15:58
589850270_1145228141102274_2048479364617949089_n.jpg
585544024_1145228204435601_3188138251582539215_n.jpg
585591341_1145228271102261_3430299765067813176_n.jpg
587203964_1145228161102272_4107811869541988112_n.jpg
Алдыга
Артка
589850270_1145228141102274_2048479364617949089_n.jpg
585544024_1145228204435601_3188138251582539215_n.jpg
585591341_1145228271102261_3430299765067813176_n.jpg
587203964_1145228161102272_4107811869541988112_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. 20–21-ноябрда өткөн "КМШ үчүн 100 идея" эл аралык конкурсуна Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө сегиз мамлекеттен 50 инновациялык долбоор катышты.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, сынакка өлкөлөрдүн эң мыкты, чыгармачыл жана демилгелүү жаштары эко-инновация, социалдык өнүгүү, технология, ишкердик жана башка тармактар боюнча өз демилгелерин сунушташты.

Кыргызстандын атынан жалпы 5 долбоор катышып, алардын арасынан Нураида Зайнишова жана Оксана Өмүркулова тарабынан сунушталган долбоор "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу" номинациясында жеңишке жетишти.

Жеңүүчүлөрдүн ERID аттуу долбоору текстиль калдыктарын суюк төшөлмөгө кайра иштетүүнү максат кылат. Бул ыкма калдыктарды кайра пайдаланууну кеңейтүүгө жана экологиялык жүктү азайтууга багытталган инновациялык чечим катары жогору бааланды.

Кыргызстандык жаштардын бул ийгилиги өлкө жаштарынын экологиялык, социалдык жана инновациялык демилгелерге активдүү катышып жатканын дагы бир жолу тастыктайт.