Кыргызстан менен Индия энергетика жаатында кызматташат

Коом 23 март 2026 10:05
656256038_18097733534476120_2585038253839732641_n.jpg
656865584_18097733552476120_8173211501420059428_n.jpg
654639523_18097733579476120_8945235146786201575_n.jpg
654661520_18097733570476120_7422601116099334951_n.jpg
655183798_18097733543476120_2990345411911221827_n.jpg
656231328_18097733561476120_4118550861971707776_n.jpg
656250104_18097733588476120_5150673111496153234_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Индиянын алдыңкы компаниялары менен кызматташтыкты талкуулады. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жолугушуу Нью-Дели шаарында өткөн Bharat Electricity Summit 2026 саммитинин алкагында өттү.

Ибраевдин индиялык ири компаниялар — KEC International, NHPC, NTPC жана CraticAI Services менен сүйлөшүүсүнөн кийин энергетика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки меморандумга кол коюлду.

Тараптар гидроэнергетиканы өнүктүрүү, кайра жаралуучу энергия булактары, инфраструктураны модернизациялоо жана санариптештирүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле кыргыз делегациясы Нойда шаарындагы күн электр станциясынын иши менен таанышып, энергияны сактоонун заманбап технологияларын изилдешти.