Екатеринбургда кароосуз калган эки бала Кыргызстанга алынып келди

Коом 3 март 2026 12:38
Екатеринбургда кароосуз калган эки бала Кыргызстанга алынып келди
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Россиянын Екатеринбург шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган эки бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Балдарды кайтаруу иши Башкы консулдук менен биргеликте ишке ашырылды.

"Кайтаруу эл аралык жана улуттук мыйзамдардын талаптарына ылайык, балдардын эң жогорку кызыкчылыктарын эске алуу менен ишке ашырылды",-деп айтылат маалыматта.

Учурда министрлик тарабынан балдарды жакын туугандарына өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.