Дубай жана Кувейт багыттары боюнча авиакаттамдар кайрадан токтотулду

Коом 4 март 2026 11:55
Дубай жана Кувейт багыттары боюнча авиакаттамдар кайрадан токтотулду

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Дубай менен Кувейттен Бишкекке келе турган авиакаттамдар кайрадан токтотулду. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн таңга маал "Flydubai" авиакомпаниясынын Дубай — Бишкек багыты боюнча учагы "Манас" эл аралык аэропортуна конушу керек болчу. Бирок белгисиз себептерден улам аталган каттам убактылуу токтотулду.

Мындан тышкары, Кувейт — Бишкек багытындагы авиакаттам да токтотулганы белгиленди.

Учурда каттамдардын эмне себептен үзгүлтүккө учураганы жана алардын качан калыбына келтирилери тууралуу кошумча маалымат бериле элек.