"Дөөлөт курулуштун" объектилери Курулуш министрлигине өткөрүлүүдө

Коом 12 март 2026 12:35
650487410_1435059901426388_6985363484290433594_n.jpg
650644510_1435059934759718_658079067307250121_n.jpg
651560232_1435060028093042_8703001753656537743_n.jpg
650522488_1435059974759714_5942216258662560345_n.jpg
651737442_1435059951426383_2832500581890412568_n.jpg
Алдыга
Артка
650487410_1435059901426388_6985363484290433594_n.jpg
650644510_1435059934759718_658079067307250121_n.jpg
651560232_1435060028093042_8703001753656537743_n.jpg
650522488_1435059974759714_5942216258662560345_n.jpg
651737442_1435059951426383_2832500581890412568_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. "Дөөлөт курулуш" ЖЧКсынын жетекчилиги объектилерди толук бүткөрүү максатында аларды Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүп берүүдө.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, бүгүн министрдин биринчи орун басары Самат Жантелиев "Дөөлөт курулуш" ЖЧКсынын үлүш ээлеринин өкүлдөрү менен жолугушту.

Самат Жантелиев "Кудайберген" жана "Шопоков Эко Сити" турак жай комплекстеринин курулушу боюнча түшүндүрмө берип, документтерди тариздөө үчүн убакыт талап кылынарын белгиледи. Учурда жарандардын кызыкчылыгын коргоо үчүн компаниянын ишмердүүлүгүнө комплекстүү аудит жүргүзүлүүдө.

Аудиттин алкагында төмөнкү багыттар деталдуу талданууда:

  • Курулуш объектилеринин учурдагы реалдуу абалы;
  • Жүргүзүлгөн иштердин көлөмү жана каржылык агымдар;
  • Келишимдик милдеттенмелер жана үлүш ээлеринин тизмеси.

Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып алган жарандар бүгүнкү күнгө чейин батирлерине ээ боло албай, иш токтоп тургандыгы боюнча бир нече жолу кайрылышкан. Министрлик тарабынан берилген эскертүүлөргө карабастан, компаниядагы каржылык көйгөйлөрдөн улам курулуш жанданган эмес. Буга чейин жарандардын кайрылуусунун негизинде компаниянын ишмердүүлүгү президенттин көзөмөлүнө алынып, Курулуш министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилген. Мындан улам объекттерди мамлекеттин көзөмөлү менен бүткөрүү чечими кабыл алынды.