Элчи: Чыңгыз Айтматов кыргыз-өзбек элдеринин руханий көпүрөсү болгон

Интервью Загрузка... 25 Апрель 2025 15:59
WhatsApp Image 2025-04-25 at 15.57.53.jpeg
copyright icon Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкенттеги Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан Улуттук университетинде өткөн "Чыңгыз Айтматов – түрк дүйнөсүнүн жалпы мурасы" деген эл аралык конференциянын алкагында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов “Кабар” агенттигине маек берип, улуу жазуучунун түрк дүйнөсүндөгү орду жана кыргыз-өзбек элдеринин достугуна кошкон салымы тууралуу кенен айтып берди.

— Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын түрк дүйнөсүндөгү мааниси кандай?

— Чыңгыз Айтматов кыргыз-өзбек элдеринин ортосундагы алтын руханий көпүрө болуп саналат. Ал өзүнүн чыгармалары аркылуу дүйнөгө жана өзүнүн элдерине терең ой жүгүртүп, жашоо турмушун философиялык мааниде карап, адамзаттын жалпы көйгөйлөрүнө байланыштуу суроолорду көтөргөн. Айтматовдун мурасы гана эмес, анын дүйнөгө жана өз ара туруктуу достукка болгон көз карашы да түрк дүйнөсүнүн биримдигине чоң салым кошту. Ал элдер арасындагы көпүрө болуп, бизди биримдикке үндөгөн.

— Эки элдин тарыхынын орду, байланышы жана достугу жөнүндө дагы айтып берсеңиз.

— Кыргыз жана өзбек элдери эзелтеден бир тууган элдер болуп келген. Кылымдар бою биз кошуна жашап, кубанычты жана кайгыны тең бөлүштүк. Айтматовдун чыгармаларында ушул тарыхый-руханий байланыштар терең чагылдырылган. Айтматовдун чыгармачылыгы өз кезегинде улуттук өзүн-өзү аңдоонун жандануусуна себепчи болуп, бизди дагы бир жолу бир туугандык сезими менен бириктирди. Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы алакалар эки президенттин акылман жана узакты көздөгөн саясатынын негизинде жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Коомдук турмуштун бардык багыттарында эки өлкөнүн ортосундагы алакалар иреттүү жана үзгүлтүксүз өнүгүп жатат.

— Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык кандай деңгээлде?

— Өткөн жылдары биз абдан жакшы ийгиликтерди жетиштик. Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы алакалар бүгүнкү күндө бир топ жанданып, чыңдалууда. Президенттердин акылман саясаты, ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер өз натыйжаларын берди. Мисалы, товар жүгүртүүсү беш-алты жылда алты эсеге көбөйдү. Бул биздин элибиздин ишенимине, достугуна, биримдигине негизделген чоң жеңиш. Эки өлкөнүн бийлик органдарынын жана элдеринин ортосундагы кызматташтык жылдан жылга жаңы бийиктиктерге жетүүдө.

— Чыңгыз Айтматовдун кыргыз-өзбек элдеринин достугун бекемдөөгө кошкон салымы тууралуу кандай пикирдесиз?

— Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары көп жагынан биздин элдердин арасындагы достукту бекемдөөдө зор роль ойнойт. Өзбек элинин Айтматовго болгон терең сүйүүсү анын чыгармачылыгы аркылуу көптөгөн адамдарга жетти. Айтматовдун "Өзбекстан – менин жаным, жүрөгүм" деген сөзү эки элдин ортосундагы руханий байланыштын тереңдигин көрсөтөт. Өзбекстан үчүн Айтматовдун мурасы – улуттук мурас, ал биздин маданиятка, тарыхка терең из калтырды.

— Президент Шавкат Мирзиёевдин Айтматовко болгон урмат-сыйын кандай баалайсыз?

— Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Айтматовго болгон сый-урматын, анын сөздөрүнөн терең сезип жатам. Анын “Чыңгыз Айтматов биздин ортобузда достуктун бекем пайдубалын түптөөгө зор салым кошкон инсан. Биз бул баалуу мурасты мындан ары да улантууга милдеттүүбүз. Өзбекстандын Орто Азиянын маданиятына тийгизген таасири Византиянын Руска тийгизген таасирине барабар деп чыныгы дос гана жаза алмак", деген сөздөрү – чыныгы достуктун, руханий жакындыктың белгиси. Айтматов биз үчүн гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсү үчүн маанилүү инсан.

— Элчилик тарабынан Чыңгыз Айтматовдун мурасын келечек муундарга жеткирүү боюнча кандай пландар бар?

— Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине байланыштуу биздин чоң пландарыбыз бар. Алдыда улуу жазуучубуздун мааракеси келе жатат. Биз бул күндү татыктуу түрдө белгилейбиз жана Айтматовдун мурасын жаш муундарга тааныштыруу максатында бир катар иш-чараларды өткөрөбүз. Биздин максат – Айтматовдун рухун жана анын чыгармачылыгын келечек муундарга жеткирүү. Биз бул мааракени кыргыз-өзбек элдеринин руханий биримдигин дагы бир жолу бекемдөөгө мүмкүндүк берүүчү чоң ири иш-чара катары белгилөөнү көздөп жатабыз.

Айтматовдун мурасы – ал дагы жашап, жүрөгүндө жашаган биримдиктин, достуктун жана маданияттын символу. Өзбекстанда анын жаркын элесине таазим кылуу, бул биздин коомдоштугубузга болгон терең урмат-сыйды билдирет. Чыңгыз Айтматов биздин биримдигибиздин улуу көч башчысы катары жашап келет жана анын мурасы биздин достугубузду мындан ары да бекемдей берет.