Бишкек, 21.03.26 /Кабар/. Өлкөнүн аймактарындагы коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган жерлерде жана мерчемдүү участоктордо 5 миңге чукул “көрүнбөгөн күзөтчүлөр” күзөтүүдө. Бул тууралуу Садыр Жапаров Нарын облусундагы иш сапарында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратын ачып жатып билдирди.
Өлкө башчысынын айтымында, Ички иштер министрлиги “Коопсуз өлкө” долбоорун ишке киргизип, жаңы заманбап санарип программаларды камтыган ыкчам жана сапаттуу коопсуздукка толугу менен өттү.
“ИИМ тарабынан өлкөнүн бир дагы булуң-бурчун калтырбастан, видео-камераларды орнотуу жумуштары ыкчам ишке ашырылып жатат.
Акыркы 5 жылдан бери өлкөбүздүн аймактарындагы коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган жерлерде жана мерчемдүү участоктордо 5 миңге чукул “көрүнбөгөн күзөтчүлөр” көз ирмебей, эң башкысы ката кетирбей иштеп келе жатышат.
Алар ИИМдин күнү-түнү тынымсыз иштеген Мониторинг борборлоруна туташтырылып, милициянын коомдук тартипти сактоо ыкчамдыгы дагы бир топ жакшырды.
Мурда кылмышкерлер караңгы түнгө, тар көчөлөргө же элдин көптүгүнө жашынып, колго илинбей, кутулуп кетишсе, бүгүнкү күндө санарип технологиянын жардамы менен аларды өлкөнүн кайсы бурчунда болбосун качырбай, кармап келүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.
Эми, буюрса, бардык жарандарыбыз коопсуздук – мамлекеттин тиреги экендигин жакшы түшүнүп, Ички иштер министрлигине ишеними бекемделе баштады”, - деди Садыр Жапаров.