Театр корифейи жана киноактёр Советбек Жумадыловдун бейнесине сүртүмдөр

Маданият Загрузка... 24 Март 2026 17:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Данияр Исанов

Бардык материалдар

Советбек Жумадылов...

Сахнада миң кубулуп, каарманынын тагдырын өз тагдырындай жашап көрүп, адам жанынын эң терең катмарларына сүңгүп кирген корифей, кыргыз искусствосундагы феномен.

Феномен демекчи, Жумадылов актёрдук диапазону жана образга терең сүңгүп кирүү жөндөмү аркасында кыргыз маданиятында өтө сейрек кездешүүчү кубулуштардын бири болгон. Ал табиятынан берилген зор дарамети менен каарманынын сырткы келбетин гана эмес, анын демин, кан тамырынын согушун жана ички толкундануусун көрүүчүгө жеткире алган сейрек талант. Актёрдук кесиптин түмөн түйшүгүн акыл менен эмес, жүрөк менен туйгандыгы үчүн ал көптөрү кыялданып жете албаган бийиктикти багындырды.

* * *

Касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде өскөн бала менен эне армандуу далай күндөрдү өткөрүштү. Советбектин атасы ак жерден сталиндик репрессияга кабылып, ошентип канат болор атасыз же калкалап алар туугансыз өстү. Туугандарына кара жолтой аталбайын дешкен эне-бала Каракол тарапка жөнөштү. Мына ушундай оор шартта жүрүп эс тарткан Советбек келечекте кыргыз искусствосунун тарыхында алп инсанга айланып, актёрдук кесиптин аркасы менен атпай журтка аңыз болорун кезегинде капарына да албаса керек!? Ооба, анын баштагы максаты мугалимдик кесипти аркалоо болчу. Ошентип 7-классты аяктап, мугалимдик кесипти тандоого бет алды.

Тагдыр жолундагы бурулуш 1948-жылга туш келди. Ташкенттеги Островский атындагы театралдык институтка кабыл алуу жүрүп жатканын уккан Советбек тагдырдын чакырыгы менен сынакка катышып көрүп, искусствонун ажайып дүйнөсүнө кадам таштады. 1953-жылы окууну аяктап келип, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын босогосун аттаган күндөн тарта, өмүрүнүн акырына чейин туптуура 48 жыл ушул ыйык сахнада кара жанын карч уруп иштеди.

Жумадылов жараткан жүздөн ашуун образдар бул жөн гана ролдор эмес, бул адам табиятынын энциклопедиясы!

Ал пенде баласынын асылдыгын да, аялуу да, алп да экенин, ошол эле маалда арамзалыгын, кара мүртөздүгүн, таш боордугун жогорку чеберчиликте ачып берди. Театрда Токтоболот Абдумомуновдун "Ашырбайындагы" Ашырбай менен Солтобай, Чыңгыз Айтматовдун "Бетме-бетиндеги" Мырзакул, "Кылым карытар бир күндөгү" Эдигей, Бексултан Жакиевдин "Алтын аягындагы" Маке чал... Дүйнөлүк классикада Шекспирдин Отеллосун, Гоголдун Подколёсинин, Гильерме Фигейредонун "Эзобунда" Эзопту ойноо менен дүйнөлүк деңгээлдеги масштабды көрсөттү.

* * *

Ал эми бир кезде башка өлкөлөргө "кыргыз керемети" деп таанылган улуттук кинобузду Жумадыловсуз элестетүү эч мүмкүн эмес. 1955-жылы "Салтанат" көркөм тасмасынан башталган жол "Бакайдын жайытындагы" Алым, "Караш-Караш окуясындагы" Жарасбай, "Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" Байзак, "Саманчынын жолундагы" Жекшенкул сыяктуу шедеврлер менен кошо уланды. Анын терс каармандары да көрүүчүнүн кыжырын келтирип, ошол эле учурда адамдык трагедиясы менен терең ойго салчу...

* * *

Советбек Жумадылов — кыргыз дубляжынын падышасы!

Радио жана телекөрсөтүүлөрдө, ошондой эле чет элдик тасмаларда үн коштоонун алп устаты. Өкүнүчтүүсү, Советбек Жумадыловдой үн коштоп, текстке жан киргизип көркөм окуган актёр али күнү да жарала электигинде...

* * *

Тагдыр алп талантты аябады...

Токсонунчу жылдардагы өлкөнүн башына түшкөн кыйын кезең, маданият унутта калып, руханий баалуулуктардын ордун "көрдүйнө" ээлеген учур анын назик жүрөгүнө катуу сокку урду. Театрлар ээн калып, кинолор токтоп, өмүрлүк жарынан ажыраган актёр жалгыздыктын чеңгелинде калды.

Эл менен кошо кыйналып, эл менен кошо кайгырган залкардын ички бугу, жан дүйнөсүндөгү дүрбөлөңдү ошол учурда көбүбүз аңдабадык. Бир кезде баамга урунуп, барк күткөн, ошол эле кезде театрда көрө албастыктардын айынан тээ алтымышынчы жылдардын орто ченинде куугунтукка түшүп ишинен айдалган, анан кайрадан театрга чакырылып, бирок ички интригаларга майышпай көтөргөн жүрөк, эми доор алмашып... театрда спектаклдер байма-бай коюлбай калганына, кино кыйын абалга кептелгенине катуу кейиди.

Маданияттын "алтын доору" заматта закым болуп учуп кеткенине ичи ачышкан корифейдин жүрөгү акыры 2001-жылдын 24-март күнү согуудан калды...

* * *

P.S. Биз, заман залкарларын көзү тирүүсүндө кадырлай алдыкпы? Жалгыздыктан жанчылган сааттарында кимибиз ага жөлөк боло алдык? Тилегеним, эми мындан ары андай көрүнүштөр элибизде кайталанбаса экен...

— Эртеңкисин ойлогон эл — эзели өзүнүн рухий мамыларына мынчалык кайдыгер карабайт!

Болбосо..