Эндрю Дональдс "Мишель" ырынын жаралуу тарыхы менен бөлүштү

Маданият Загрузка... 11 Июнь 2026 15:45
WhatsApp Image 2026-06-11 at 12.37.35.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Белгилүү ырчы жана композитор Эндрю Дональдс "Мишель" аттуу белгилүү ырынын жаралуу тарыхын "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айтып берди.

Анын айтымында, ыр күтүүсүздөн жаралып, кийин дүйнөлүк хитке айланган.

WhatsApp Image 2026-06-11 at 09.53.03 (1).jpeg

Эндрю Дональдс "Мишель" аттуу ыры жашоосун түп-тамырынан бери өзгөрткөнүн белгиледи.

Ырчынын пикиринде, ырдын идеясы продюсери Эрик Фостер Уайт менен унаада келе жатканда пайда болгон.

"Бир күнү продюсерим Эрик Фостер Уайт менен машинада бара жатканбыз. Ошол учурда мен жөн гана “Сени сүйүү – бейиш, сени сагынуу – тозок” деп обон созуп калдым. Эрик дароо токтоп: “Бул эмне?” деп сурады. Мен дагы ошол саптарды кайталап ырдап бердим", – деди Эндрю Дональдс.

Продюсери чыгарманын атын "Мишель" деп ырдагы каармандын атынан атап, дароо студияда жаздырууну сунуштаган.

"Бир сааттын ичинде ыр даяр болуп калды. Биз аны башкаларга угузганда бул сөзсүз хит ыр болот!” деп айтышты", – деп белгиледи ырчы.

WhatsApp Image 2026-06-11 at 12.37.31

Эндрю Дональдстын белгилешинче, кийин альбомдун чыгарылышы убактылуу токтотулуп, негизги көңүл "Мишель" ырына бурулган. Натыйжада чыгарма дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө биринчи орундарды ээлеп, чоң ийгиликке жеткен.

"Ыр жарык көргөндөн кийин дүйнө жүзүндө биринчи орунга чыкты. Ошол учурдан тартып менин жашоом түп-тамырынан өзгөрдү. Бирок ийгилик бир түндө эле келе калбайт. Биз мындай деңгээлге жетүү үчүн 10–12 жыл эмгектендик", – деди ал.

Маалымат жыйынынын соңунда Эндрю Дональдс чыгармачылыктагы ийгилик үзгүлтүксүз эмгек, чыдамкайлык жана өз ишине болгон ишеним менен келерин белгиледи.