Бишкек, 24.10.26. /Кабар/. Чыгармачылык менен илимий ишти айкалыштырган Кубатбек Жакыповдун 60 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Иш-чара Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде өтүп жатат. Ага Кубатбек Жакыповдун замандаштары, кесиптештери, шакирттери жана студенттер катышууда.
Кубатбек Жакыпов Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Сары-Камыш айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы 2 жылдык эстрадалык студияда, андан соң Мамлекеттик искусство институтунда билим алган.
Эмгек жолунун көп бөлүгүн И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине арнап, ал жерде 32 жыл бою ага окутуучулуктан баштап кафедра башчысы жана декан кызматтарын аркалаган. Педагогика илимдеринин кандидаты Кубатбек Жакыпов 2023-жылдан тартып Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде окуу иштери боюнча проректор кызматын аркалап келет.
Кубатбек Жакыповдун айтымында, илимий жана педагогикалык ишмердүүлүгү менен катар бүгүнкү күндө адабият жана искусство жаатында да активдүү эмгектенүүдө.
Анын калеминен 10го жакын китеп жарык көргөн: “Аяндуу ырлар”, “Кут китеп”, “Ыйманнама”, “Сыр китеп”, “Дил азык”, “Достук азилдер”. Комуз чертүүнү үйрөнүүчүлөр үчүн “Комуз чертүүнү үйрөнөбүз”аттуу эмгеги жарык көргөн.
Ошондой эле автор кыргыз элине кеңири таанылган бир катар обондуу ырлардын тексттеринин автору. Алардын арасында “Дил кайрык”, ошондой эле “Боз торгоюм”, “Студентке” сыяктуу лирикалык ырлар бар. Муну менен катар бир нече жогорку окуу жайлардын гимндеринин жана марштардын тексттерин жараткан.
Кубатбек Жакыпов белгилегендей, учурда жаңы чыгармачылык жыйнактары басмага даярдалууда.