Бишкек, 14.11.26. /Кабар/. Казакстандын Алматы шаарындагы "Туран" университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы маданий борбор жана анын бюсту ачылды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, долбоор Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Жеңишбек Асанкуловдун демилгеси жана университеттин ректору Рахман Алшан уулунун колдоосу менен ишке ашты. Аны жүзөгө ашырууга Алматыдагы мекендештер да салым кошушту.
Ачылыш аземинде бюсттун автору, скульптор Надырбек Жээренчиевге Маданият министрлигинин сыйлыгы тапшырылды.
Жаңы борбор кыргыз адабияты менен маданиятын Казакстанда жайылтууга, ошондой эле кыргыз-казак маданий байланыштарын чыңдоого багытталган.