Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Маданият
Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды
copyright icon WWW

Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын 10 лауреаты жана 9 дипломанты аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссиянын чечими менен жеңүүчүлөр 11 номинация боюнча тандалды.

Лауреаттардын катарына адабият жаатында Акбар Кубанычбеков, журналистика жана телекөрсөтүү боюнча Нурай Шарабидин кызы, музыкалык искусство боюнча Нуржигит Молдояров, кино жаатында Каниет Дубаев жана илим, билим берүү жана жаңы технологиялар боюнча Асылбек Рахманов кирди.

Ошондой эле көркөм искусство номинациясында Урмат Серенов, шаар куруу, архитектура жана дизайн боюнча Калыйнур Бекбосун, театр жана цирк искусствосу боюнча Өмүрбек Израилов, экономика, бизнес жана меценаттык жаатында Жанузак Туран уулу, ал эми жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Жакшылык Бекназаров сыйлыкка татыды.

Спорт номинациясында лауреат аныкталган жок.

Ал эми дипломант наамына 9 талапкер ээ болду. Алардын арасында адабият боюнча Мелис Маматжан уулу, журналистика боюнча Амина Куренкеева, музыка боюнча Сагыныч Нурланбек уулу, кино боюнча Дастан Дамиров жана илим, билим берүү боюнча Нурсултан Карабаев бар.

Мындан тышкары, көркөм искусство номинациясында Арууке Сыдыкалы кызы, архитектура жана дизайн боюнча Улан Таалайбеков, театр жана цирк искусствосу боюнча Ырыскелди Тынарбек уулу, жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Дөөлөт Рысбаев дипломант болушту.

Экономика, бизнес жана меценаттык, ошондой эле спорт номинацияларында дипломант аныкталган жок.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы жаштардын чыгармачылык, илимий, кесиптик жана коомдук ишмердүүлүктөгү жетишкендиктерин колдоого, таланттуу жаштарды шыктандырууга жана алардын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын белгилөөгө багытталган.